Жаалы келүү, абдан ачуулануу, каардануу. Көзүнөн чаары чыгып, ийни менен дем алган Тыныбек жоон камчысын Алымбайдын жонуна басып алды (Каимов). - Тынчын алган ким экен? - деп Орозкул көзүнөн чаары чыга жалт кылчайды (Айтматов). Шабыраалынын көзүнөн чаары чыгып, баягыдан бетер жинденди (Байтемиров).
Жаалы келүү, абдан ачуулануу, каардануу. Көзүнөн чаары чыгып, ийни менен дем алган Тыныбек жоон камчысын Алымбайдын жонуна басып алды (Каимов). – Тынчын алган ким экен? – деп Орозкул көзүнөн чаары чыга жалт кылчайды (Айтматов). Шабыраалынын көзүнөн чаары чыгып, баягыдан бетер жинденди (Байтемиров). В.: Көзүнөн чаарын чыгаруу. Анын да итатайы тутулуп, бириң калбай кеткиле, – деди көзүнөн чаарын чыгарып (Жигитов). Көзүнөн чаары көрүнүү. Ал жылуу айткансыганы менен көзүнөн чаары көрүндү (Сыдыкбеков). Көзүнүн чаары чыгуу. Чынаркандын көзүнүн чаары чыгып, ичинен туталанып отурганын Бермет дароо түшүндү (Абдукаимов). Анын иреңи кара көк тартып, көзүнүн чаары чыгып, кутургандай ажаанданып баратты (Каимов). Көзүнүн чаарын чыгаруу. Түшүндүңбү? – деп Курбантай Эргешти кекетип, көзүнүн чаарын чыгарды (Мияшев). Дочекал Ашырбекти издеп таап, көзүнүн чаарын чыгара тиктеп турду (Ашымбаев).